Menu

Бүгүн экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовго өкүм чыгышы күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланат. Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго өкүм чыгышы мүмкүн. Мындай маалыматты адвокат Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Кулматов менен Ибраимовго 20-декабрда же 23-декабрда өкүм чыгышы ыктымал.

Буга чейин прокурор Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Эске сала кетсек, Кубанымбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камакта отурат. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен соттолууда. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келишет.

.Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: