Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Президенти тарабынан талапкерлиги сунушталган Кыдырбаев Кырккелди Жумалиевич депутаттардын 55 «макул», 2 «каршы» добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Ошентип, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаңы шайланган Кырккелди Кыдырбаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.
Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ