Menu

Равшан Жээнбеков батыштын колдоосу менен Атамбаевди төңкөрүш жасоого шыкактаганбы?

Бөлүшүү:

Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу жарыяланды. Анда бул окуяларга түздөн-түз “Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу”- деген тыянакка келгени жазылган. Комиссия Атамбаев президент болуп турган кезинде жасаган кылмыштары үчүн жазаланарын түшүнүп, “Конституцияны жана мыйзамдарды тоготпой, аймак аралык карама-каршылыкка шыкак берген” деп тапты. “Атамбаев массалык башаламандык, талап-тоноо менен коштолгон аракеттер аркылуу бийликти күч менен алууну пландаган. 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев менен анын уюштуруучуларында”,- деп айтылат корутундуда.

Ушул окуялардын активдүү катышуучусу Равшан Жээнбековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүгү (“Барымтага алуу”) менен жана 264-беренесинин 1-2 жана 3- бөлүктөрүнө ылайык (“Массалык баш аламандыктарды уюштуруу”) кылмыш иштери козголуп, Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо бирдиктүү реестрине катталган.

Чын-чынына келгенде, Атамбаев өзүнүн пландарына ылайык, жаңы президенттин аркасы менен каалаган бийлигин жүргүзө албай калгандан кийин дароо оппозицияга өткөндө, мурдатан бери бири-бирин жанындай жек көргөн (өзгөчө Атамбаев) Равшан Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев биригүүгө аргасыз болушкан. Анткени Равшанга дал ушундай буйрук батыштагы кожоюндарынан келип түшкөн. Атамбаевге кандай гана жол менен болбосун, шайтан менен да бириксе дагы бийликти кайра алыш керек болчу. Ал эми Равшандын артында батыштын кызыкчылыгы менен акча каражаттары бар эмеспи. Болбосо, Атамбаев өзү бийликте турганда, Равшан Жээнбековду: “бул ууру, Акаевдин мезгилинде бүт мамлекеттик мүлктү тоноп, сатышкан – анын орду түрмөдө” деп ызырынганы баарыбыздын эсибизде.

Ушул жерден кичине артка кылчайып, Равшандын бейнесине кайрыла кетсек. Акаевдин бийлиги өкүм сүрүп турган кезде Равшан Майрам апчеси аркылуу 30 жашында эле эң жаш министр аталып, Мамлекеттик мүлк министрлигине дайындалган. Акаевдерге мамлекеттик мүлктү тоноого эң сонун жардам берип, албетте, өзүн дагы таарынткан эмес. Билгендер, анын ошол кезде укмуш күпүлдөгөнүн айтып жүрүшөт. Байлыкты жетише топтогон Равшан Таластан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коет. Бирок Таластан депутаттыкка Майрам Акаеванын сиңдиси дагы талапкерлигин коюп, “сен ал, мен ал” деп урушуп-талашып, ошондон улам Акаевдер менен мамиледен жарака кетет. Көп өтпөй, элде Акаевдин бийлигине каршы нааразычылыктар күчөп отуруп, апогейине жетет. Акаевдердин тактысы кыйшая баштаганын сезген Равшан Жээнбеков дароо оппозициянын катарына кошула калып, Роза Отунбаева менен Курманбек Бакиевдин Акаевге каршы митингдеринен чыгып сүйлөйт. Ошентип, Акаевди сатып жиберип, ал өлкөдөн куулгандан кийин Бакиев президент болуп шайланат. Бирок Равшан көздөгөн депутаттык креслого жетпей калат. Бакиевден Бишкек мэрлигин сурайт, аны да ала албайт. Кийин Бакиев Малайзиядагы элчиликти берген. Иштеп жүрүп эле, Бакиевге карата эл нааразы боло баштаганда дароо ага каршы чыгып, “куугунтук жедим” деп Америкага кире качкан. Равшан Жээнбеков “2010-жылдагы революцияны биз кылганбыз”- деп төш какканы менен, АКШга жатып алып, Кыргызстанга келбей койгон. Революция учурунда дагы бул жакта болгон эмес. Кийин гана Бакиевдердин бийлиги кулап, коопсуздугуна ишенгенде гана келип, Текебаевдин аркасы менен депутат болгон. Анда да жөн жүрбөй, Текебаев менен Атамбаевдин мамилеси бузула баштаганын көрүп, Текебаевдин фракция ичиндеги аброюна шек келтирип, аны да сатып жиберип, фракциядан куулган.

Депутаттыктан кеткенден кийин Равшан Жээнбеков Атамбаевге асылып жүрүп, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон дагы куржалак калган. Анткени аны бөркүндөй жек көргөн Атамбаев: “бир дагы партия катарына кошпосун!”- деп катуу көрсөтмө берген. Равшан Жээнбеков болсо тынбай Атамбаевди жана анын иштерин катуу сынга алып турган.

2018-жылы айласыздан экөө бириге калып, ар ким өз кызыкчылыгында деструктивдүү аракеттерди баштаган. Бир жагынан АКШнын колдоосун Равшан билдирип, НПО өкүлдөрүн, ар түрдүү эксперттерди тартып берди. Экинчи жагынан Атамбаевден чоң суммадагы акча алганы боюнча ушак кептер көп айтылууда. Ошол эле убакта келечекте АШАнын арты менен парламентке кирип калууга, бийлик алмашса премьер-министр болом деген үмүтү чоң эле.

Улам-улам “Форумдун” жанынан митингдерди өткөрүп, бийликке талаптарды коюп, алар аткарылбаса “чечкиндүү кадамдар” менен коркутуп, элди козутушуп, абалды чайпалтууга абдан чоң аракеттерди жасашты. Элдин нааразычылыгын апогейге жеткирип, төңкөрүштүн планын даярдашкан. Президент, премьер-министр, спикерди, министрлерди кимдер болоруна чейин аныктап коюшкан. Бийликти күч менен басып алуу планы тергөөнүн жыйынтыгында жарыяланса керек.

Кудай бир чоң сактаптыр, дагы канча адам өлүп, бири-бири менен кырылмак эле, ким билет? Анүстүнө Атамбаевдин өзүнүн айтымында, “мындай төңкөрүштөрдө бир канча адам сөзсүз өлөт, андан эч нерсе болбойт”.

А бирок мындай пландары Атамбаевдин спецназдын жоокерин атып алып, бир тобун барымтага алып, жыйынтыгында камалгандан кийин таш капты. Ал камалган күнү Равшан Жээнбеков жөн отурбай, “мына, 5 миң адам Ак үй жакка бара жатат. Алар биздин буйрукту гана күтүп атышат”,- деп айтканы комиссиянын корутундусунда дагы жазылып жүрөт. Белгилей кетиш керек, Атамбаевдин үйү штурм болгон күнү Равшан ал жакта жок эле. Бирок дароо жетип барып, бардык иш-аракеттерди координациялаган. Түнү менен эртеси күнү бийликти басып алууга элди даярдаган. 8-августта түндө аянтка келип, элдин топтолуп жатканын мониторинг да кылып турган.

Албетте, ушундай аракеттерди координациялап, уюштуруп, катышып жүрсө ага көрсөтмө берилиши жана жооп бериши турган иш. Чет жактан алган гранттарды, акча каражаттарды жаратмандыкка эмес, башаламандыкка, ызы-чууга, туруксуздукка жумшаган адамды кантип атоого болот?

Атамбаев туура айткан, Равшан Жээнбековдун орду түрмөдө. Эми экөө ошол жактан акыйнек айтышып отура беришсин.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: