Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан ИИМдин ички аскеринин кызматкери октон жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда кайым айтышуу башталып, бири-бирине таш ыргыта башташкан.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында чыккан чырды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, облустук администрациянын жетекчилери жана тартип сакчылар келген.
Маалыматтарга ылайык, саат 11:30да тажик тараптан кыргыз тарапка таш ыргытылган. Ага жооп кылып кыргыз тарап дагы таш ыргытканда Тажикстандын жаранына таандык автоунаанын айнеги сынган.
20 мүнөттөн кийин тажик тараптан ок атылган. Болжолдуу маалыматтарга караганда ок майда калибрлик куралдан атылган. Андан ИИМдин ички аскеринин кызматкери жабыркаган.
Сүйлөшүүлөр токтотулду. Азыркы убакта эки өлкөнүн жарандарынын арасында түшүндүрмө иштери жүрүүдө.
Булак: “KyrgyzToday”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ