Menu

Видео – Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жергиликтүү депутат октон жарадар болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда төрт адам жабыр тартты. Анын ичинде жергиликтүү кеңештин депутаты октон жаракат алды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында чыккан чырды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, облустук администрациянын жетекчилери жана тартип сакчылар келген.

Ошондой эле жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары КРнын ИИМдин аскер кызматынын үч аскери жана бир жаран жабыр тарткан. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Буга чейин ИИМдин кызматкерине ок тийгени маалым болгон. Азыркы учурда Баткен облустук ооруканасында аскерге операцияда жасалып жатканы белгилүү болгон.

Чек арадагы стабилдүүлүктү орнотуу үчүн Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана ИИМдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков жерине жөнөп кетишкен.

Эске салсак, 17-декабрда Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жаңжал болгон. Жабыр тарткандар облустук ооруканага жеткирилген.

Кечээ, 18-декабрда Тажикстандын 80ге жакын жараны менен Кыргызстандын 100гө жакын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу болуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

Булак: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: