Menu

Кечээ Бекназаровго кайсыл депутат «How old are you?» деп англисче суроо берген?

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-декабрда ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинде Кыргызстандын Малайзиядагы элчи кызматына айтылуу Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги жактырылганын жакшы билебиз. Бирок жабык эшик артында өткөн ал жыйында кандай суроолор берилип, эмне сөз болгон? Жашыруун деле эч нерсеси жок дечи, болгону “кара кылды как жарам” деп ойлогон, оозуна алы жетпеген депутат айымыбыз бар. Өзү кылмышка шектелип, сурак берип жүрөт. Ал – албетте, Атамбаев үчүн жанын берген депутат Ирина Карамушкина. Атүгүл ушул элчилик кызматтан кыйкым издеп, бийлик атайын Бекназаров менен сүйлөшүп алганын белгиледи.

“Дипломат жок дегенде эл аралык бир тилди билүүгө тийиш. Бул талапкерден башка тышкы иштер министрлигинде киши калбай калганына таңгалдым. Эч кимиси кычыкы суроо бергенге жарашкан жок. Малайзиянын маданияты менен адал-продукция жөнүндө гана сөз кылышты. Менимче, бийлик бу кишинин оозун басыш үчүн эле элчиликке жиберип жатат. Менин жөнөкөй англисче «How old are you?» (“Канча жаштасыз?”) деген суроомо Азимбек мырза: “Кийин жооп берейин” деп кутулду. Бардыгына атайын кыргызча жооп берип туруп алды. Англисче жөнөкөй сөздү да билбейт экен”, – дейт депутат И.Карамушкина.

Кандай болгон күндө да А.Бекназаровдун талапкерлиги жактырылып, жакын арада президент аны бул кызматка дайындаган буйрукка кол коет. Комитеттеги 12 мүчөнүн Карамушкинадан башкасы колдоп бергенин эскерте кетели.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: