Menu

Бүгүн Өмүрбек Текебаев АКШ элчилигине эмнеге барды?

Бөлүшүү:

Facebook соцтармагында Атамбаевдин “Апрель” телеканалынын аккаунту бар. Ошол аккаунт төмөндөгүдөй пост жазып, “Ата Мекен” лидери Өмүрбек Текебаевди жөөлөп өттү:

“Өмүке, Элчи менен эмне тууралуу сүйлөштүңүз?

Бүгүн, 18-декабрда «Ата-Мекен» партиясынын үй камагындагы лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн автоунаасы менен Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин имаратынын короосуна кирип кетти. Так канча убакыт отурганын айтпай эле коелу, жетишээрлик эле кеңири убакыт элчиликте болду. Буга чейин да анын аталган державанын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушканы маалым болгон. Ошентип аны менен дагы бир ирет жолугуп отурат.

Экөөнүн эмне тууралуу баарлашканын билбейбиз. Элчи Өмүкенин ден-соолугун сурадыбы же саясаттагы абал тууралуу сүйлөштүбү, азырынча белгисиз. Бирок, бүгүнкү күндө өлкөбүздө батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү активдешип жаткан чакта, «Реакция» аттуу митингдерди уюштуруп жаткан кезде Текебаевдин АКШ элчиси менен жашыруун жолугушуп жатканы сырдуу болуп жатат да. Анын үстүнө дал ушул 18-декабрда борбор калаабызда «Реакция-2:0» деген митинг өткөнү белгилүү эмеспи.

Эми коомчулукту суратып отурбай эле, Өмүрбек Чиркешович өзү бир төгүлүп-чачылып, аны элчи кандай кабыл алганын, кандай кофе ичишкенин жана эмне теманы талкуулашканын жаап-жашырбай айтып берип койгону оң болуп турат. Саясатчынын элден жашырган эч кандай ишмердүүлүгү болбошу керек да”.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: