Бишкекте “Ф.М.Л” ЖЧК тарабынан 840 килограмм 80%тик уксус кислотасын уруксаат берген документтери жок ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келген. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
“Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракетке бөгөт коюлган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ