Menu

Видео – Замир Көчөрбаев, «Кырк чоро» уюмунун жетекчиси: «Бизди каралап, сөзүбүздү бурмалап, элге жаман көргөзгөн “Апрель” сайтын сотко беребиз»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда Ак үйдүн жанында «REакция 2.0» аттуу тынчтык митинг болуп өттү. Дал ушул күнү сынга кабылып келген “Кырк чоро” уюмунун жигиттери да митингге келишти. Бирок, алар Ак үйдүн алдындагы митингчилерге кошулбай, өз алдынча Тарых музейинин алдындагы Манас атанын эстелигинин алдында өткөрүштү. Анда аталган уюмдун жетекчиси Замир Көчөрбаев сөз эркиндигин муунтканга жана коррупцияга каршы позицияларын билдирип келгендерин айтты. Ага журналисттер суроону жаадырышты.

Бүгүн сиздер кимди колдоп чыктыңыздар, Матраимовдубу? Себеби, өткөндө аны коргоп чыгып, сүйлөптүрсүздөр?

-Биз бүгүн эч кимди колдоп чыккан жокпуз. Биз сөз эркиндигин муунтканга жана коррупцияга каршы болуп, талаптарды коюп, өз позициябызды билдирүү максатта келдик. Дегеле биз буга чейин эле коррупцияга каршы болуп, күрөшүп келгенбиз жана күрөше бермекчибиз. “Кырк чоро” Матраимовду колдоду” деген сөздү алгач “Апрель” сайты тараткан. Тагырагы, биз 12-декабрда маалымат жыйын бергенден кийин, “Апрель” жана башка 3-4 сайт “Райым-миллионду колдоп чыкты”,- деген тема менен жазып, 2016-жылы Ак үйдүн алдына митингге чыккан эски сүрөттөрүбүздө коюп, каралап жазып чыгышты. Эл деген эл экен, темасын окуп алып эле тескери пикир жаза берет экен. Биз ал жерде башка нерсени айтканбыз, аны бурмалап берип коюшту.

-Тиги тарапка кошулбай, бул жерге митинг өткөрұп жатасыздар. Тиги тарап менен максаттарыңар бирби же?

– Тиги тарапта митинг өткөрүп жаткандар менен максатыбыз да, талаптарыбыз да бир. Алар деле, биз деле коррупцияга каршы болуп, сөз эркиндигин колдоп чыктык.

– “Үчүнчұ күч” деп жазып алыпсыздар. Ким ал?

– Алар биздин маданиятты, каада-салтты тебелеп, тепсеп, талкалап жок кылабыз деп Батыштын саясатын колдогондор. Мисалы, алар 8-мартта “Гей-парад” өткөрүштү, жакында эле музейде жылаңач кызды элдин алдына чыгарышты. Мына ушундай ыплас көрүнүштү колдоп чыккандар мамлекеттин, кыргыздын душманы. Өтө коркунучтуу адамдар. Эми алардын арасында деле жакшы, адашып калган саясатчылар бар.

Эмне себептен башка күнү эмес, бүгүн митингге чыктыңар?

-Себеби, бизди бүгүнкүгө чакырышкан,”эгер чындап эле коррупцияга каршы болсоңор, келгиле”,-деп. Келдик.

Ошондой эле Замир мырза “Апрель” сайты аларды каралаганы үчүн кечирим сурабаса, анда сотко берээрин билдирди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: