Menu

Бизнесмен Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча ЖКнын депкомиссиясы эмки жумадан баштап ишине киришет

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 19-декабрда комиссия мүчөлөрү айтышты. Алардын айтымында, Башкы прокуратурага, УКМКга, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматына, ИИМге жөнөткөн каттарга жооп ала башташкан. Комиссия мүчөлөрү эмки жумадан баштап жыйындарды ачык режимде өткөрө башташмакчы.

Бардык маалыматты комиссиянын төрагасы Талант Мамытов чогултуп жатат. Ал бардык кызыккан суроолорго түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирди. Сурала турган тараптардын тизмесин тактап жатышыптыр.

Эскерте кеткек, кытайлык бизнесмен Айэркен Саймаити 10-ноябрда Ыстамбул шаарынан өлтүрүлгөн. Ал Фатих районунда кафеде олтурган жеринен атып кетишкен. Саймаитинин кыргыз саясатчылары менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланганда, Жогорку Кеңеш бул өлүмдү иликтөөнү туура көргөн.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө иши мекемелер аралык тергөө тобуна тапшырган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: