Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында чыккан жаңжал тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов бүгүн, 19-декабрда ЖКнын кезектеги жыйынында айтып чыкты.
Ал делимитация жана демаркация иштери тез арада чечилиш керектигин баса белгиледи.
“Чыр-чатак чыкканда эле өкмөткө айтабыз, алар барып протокол түзүп, бүттү дешет. Ага карабай кайрадан эле жаңжал чыгат. Эгерде делимитация жана демаркация иштери чечилбесе чек арадагы чыр-чатак кайрадан эле чыга берет. Эгерде өкмөт иш алып барбаса анда биз көзөмөлгө алалы. Өкмөт ай сайын келип бизге маалымат берип турсун” – деп талап кылды эл өкүлү.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан жаңжалдан жалпысынан алты адам жарадар болгон. Анын ичинен экөө октон жаракат алган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ