Бүгүн, 19-декабрда, саат 14:00дө Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун арызы каралат. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму башталат. Сот судья Жылдыз Ибраимованын жетекчилигинин алдында өтөт.
Эске сала кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ