Menu

NASAда иштеп, робот жасап, эми Кыргызстандан космоско ракета учургусу келген кыргыз жигити

Бөлүшүү:

Кыргызстандык жигит жасалма интеллектиси бар робот-ассинтент жасап чыгарды. Роботтун аты – “Альфред”.

Муну ойлоп тапкан 29 жаштагы ишкер  – Музарбек Жолошев. Эмдиги жылы Кыргызстандан космоско ракета учуруу тилеги бар. Ал өзүнүн пландары, долбоорлору жөнүндө айтып берди.

Музарбек Бишкекте туулган, №67 орто мектепти аяктаган. 2007-жылы АКШга кетип, университетке өтүп, машине куруу инженери болуп чыккан. Бул адистик робот, ракета, спутник иштеп чыгууга багытталган. Андан соң NASAга (космос мейкиндигин изилдөө жана аэронавтика боюнча улуттук башкармалык, АКШ) жумушка орношкон.

– NASAга кантип жумушка орношуп калдың?

– Мен университеттин 3-курсунда окуп жүргөндө, NASA мыкты студенттерди бүтүндөй Америка боюнча тандай баштады. Конкурстан 30дай студент өттү, арасында мен да бар элем. Ал жакта негизинен спутник куруу менен алек болдум.

Эки спутник жасадык. Бирөөсү учурулуп, Жер шарын айланып чыкты. Экинчиси Айга учту. Ал өз алдынча спутник. Мен спутниктин космостогу навигациясы үчүн жооп берчүмүн. Ал Күн менен жылдыздардын нурлары аркылуу космосто өзүн жоготпой жүрүүгө тийиш. Анан учурулгандан кийин бир калыпка түшүүсү кажет, менин ишим ошол калыпка магниттер аркылуу түшүрүү эле. Ал ийгиликтүү аяктаганда, сыйлык алдым.

– “Альфред” роботуң жөнүндө айтып бербейсиңби? Аны жасоо идеясы качан келди эле?

– Студент кезде эле ойлонуп жүрчүмүн. Ал кезде кишинин жүзү, денеси аркылуу таануу технологиялары жаңы эле иштелип жаткан учур. NASAдан кийин дагы бир компанияда иштеп калдым.

Биз кишилерди жүзүнөн, денесинен,үнүнөн таанып, сары изине чөп салган дрондорду жараткыбыз келген. Идея аскердик багытта болчу. Бирок мен АКШнын жараны болбогон соң, “Муну менен алышпай эле кой” дешти.

Бош убактымда код жасоо менен алек болдум. Топ балдар элек, кишини элдин арасынан таанып, артынан ээрчий турган робот жасоо менен алек болдук. Кийин бул ишти таштап салдык. Анан бир жылдай ойлонуп олтуруп: “Бул системаны иштеп чыктык. Келгиле, жүзөгө ашырабыз” деп калдык. Ошентип робот жасоо идеясы келди, ал кожоюнунун артынан ээрчип, кебетеси, үнү, кыймылы аркылуу таанып турат. Ага камера, проектор орноттук, ал аркылуу кино көрсө болот.

Роботто үч камера бар, бирөөсү iPhone сыяктуу – документти сканерлеп, санариптейт да, компьютерге же телефонго жөнөтөт. Робот толугу менен кожоюну менен телефонго байланган, кожоюнду ээрчип жүрөт, буйруктарынын бардыгын аткарат. “Альфреддин” дөңгөлөктөрү бар, үй ичинде жүрө берет.

Аккумулятору 5 саат иштейт. Wi-Fiдын жардамы менен Netflix, Amazon Alexaга өзү кошула алат. YouTube аркылуу видео көрө аласың, эстутуму 256 гб. Аны менен жөн эле ойносоң болот, балдар үчүн да оюндары бар: кубалашып ойнойт, же балдарга алфавит үйрөтөт, сандарды эсептетет.

– Дүйнөдө “Альфред” сыяктуу башка роботтор барбы?

– Жок. Биз биринчилерден болуп жасадык. Прототибин жасаганга эле 140 миң доллар кетти. Азыр акча чогултуп жатабыз. Массалык түрдө чыгара баштасак, бирөөсү 1000 доллар туруп калат. Азыр Жапониядан жазып жатышат, ошол өлкөдө саткылары келет экен. Негизинен Жапонияга, Кореяга жана АКШга сатабыз го дейм.

– Кыргызстанда кызыккандар жокпу?

– Кыргызстанга бул долбоор кызыктуубу, билбейм. Ошондуктан башка рынокторго басым жасадык. Робот азырынча англисче гана сүйлөйт. Кийин орус, кытай, жапон тилдерин кошобуз. Бул өтө көп акчаны талап кылат. Жаңы тил – сөздөрдү тааный билүү, өтө-өтө кыйын. Эгерде жетиштүү деңгээлде роботторду сата алсак, анда сөзсүз башка тилдерди кошобуз.

– А эмнеге ысымы “Альфред”?

– Альфред – Бэтмендин жардамчысы (DC комикси). Ошондон эргүү алдык. Бардыгын кылат жана ар дайым жаныңда жүрөт.

“Альфредди” жасаганга төрт киши катышкан: Музарбек Жолошев өзү, идеянын автору жана инженери, программист Энтони Маринелла, инженер-электроник Мэттью Монели жана мурдагы аскер кишиси, анын ысымы жашыруун.

– Дагы пландарың барбы?

– Албетте, бар. Эмдиги жылы Кыргызстандан космоско ракета учурсакпы деп турабыз. Аны өзүбүз эле жасайбыз, ашыкча мээнин деле кереги жок. Ракета 4 метр бийиктикте болот, GoPro камераларын орнотобуз да, учурабыз. Ал Кыргызстандын үстүндө гана айланып жүрүп, анан парашют менен кайра жергебизге конот.

– Муну эмнеге жасаганы жатасың?

– Биринчилерден болуу үчүн. Кыргызстандын кадыр-баркын көтөргүм келет, бизден ракета учса, жаманбы?

KyrgyzToday.kg кыргызчылады

Булак: АКИpress

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: