Москва районунда уурулуука шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылынын Н.О. тургуну арыз менен кайрылып, 9-декабрда темир жол вокзалынын жанынан моюнундагы чынжырчасын белгисиз адам жула качканын маалымдаган. Анын, уурдалган зер буюмунун баасы 350 миң сом.
Бул факт Жазык кодексиндеги 201-беренеси (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Тийиштүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну уурулукка шектелип кармалган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ