Menu

Кыргызстан жыл сайын миллиондогон долларлык гранттарды алат. Бирок аны көзөмөлдөө өтө оор

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жардамдарды башкаруу платформасы түзүлүүдө. Азырынча долбоордун сайты тест түрүндө иштеп жатат. Кайтарымы жок бул донорлук акчалар эмнеге жумшалууда?

Башкаруу менен жолдорго кеткен акчалар

Каржы министрлиги жаңы сайтта республика алган бардык гранттар жөнүндө маалымат бар экенин айтып чыкты. Маамыламттар акыркы 10 жылды камтыйт экен. Долбоорлор каржылоо түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн – грант, кредит, өкмөт менен биргеликте каржылоо.

Жардамдарды башкаруу платформасы кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлүп, дале болсо донордун – Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып олтурат.

Сайтта тышкы жардамдын да картасы бар. Ал кайсыл долбоор, кайсыл тармак боюнча, кандай суммага, кайсыл эл аралык донор менен каржыланганы көрсөтүлгөн. Карта бардык долбоорлорду, анын ичинде кредиттерди да камтыйт. Бирок ал кердиттерди эсепке албасаң деле, жүзөгө ашкан идеялар менен каржылоо кыйла көп.

Бирок каржылаган уюмдардын структурасы өзгөрөт. Эгерде кредит берүүдө алдыңкы орунда Кытайдын Экспорт-импорттук банкы болсо, грант каражаттарында – Азиялык өнүктүрүү банкы.

Аймактар үчүн гранттар

Маалыматтарга ылайык, эл аралык донорлордун эсебинен гранттык долбоорлордун көбү Жалал-Абад (24) жана Баткен (19) облустарында, ошондой эле Бишкекте (19) жүзөгө ашкан. Эң азы – Ысык-Көл (9) менен Талас (6) облустарында.

2007-жылдан бери бардык донорлор Кыргызстанга 2 млрд 217,7 млн доллар гранттык каражаттарды ар кандай долбоорлор боюнча региондорго бөлгөн.

Бул акчалар бардык облустар менен шаарларда биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу секторуна, инфраструктурага жана айыл-чарбасына жумшалган.

Ар бир аймакка канча кеткенин так эсептөөгө мүмкүн эмес. Сандар, долбоорлордун аталыштары ар кайсыл облуста кайталана берет, анткени донорлор акчаны бир нече облустарга бир учурда бөлөт экен.

Картада маалыматтар милдеттер жана төлөмдөр менен берилген. Кайсыл саны кайсыл экенин түшүнүү кыйын, тигил же бул облуска кайсыл гранттан экенин билүү кыйын.

Бүджетке түшкөн грант каражаттары боюнча башка маалыматты эч жерден ала албайсың.

Мурда Каржы министрлиги “Тышкы жардам” деген аталыштагы өзүнчө сайт чыгарышчу. Анда кредиттер жана гранттар боюнча бардык документтер бар эле. Эми ал сайты жабык турат. Каржы министрлиги системаны модернизациялайбыз дегенден келип чыккан көрүнүш бул.

АКШдан келген миллиондор

2014-2018-жылдар аралыгында АКШ USAID аркылуу Кыргызстанга 202,6 млн доллардан ашык финансылык жардам көрсөткөн. АКШнын каржылоосунун негизги бөлүгү өкмөттү, жарандык коомду, бизнести, саламаттыкты сактоону, айыл-чарбасын жана билим берүүнү өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

USAIDден өлкө 2014-жылы – 46,68 млн $, 2015-жылы – 38,97 млн $, 2016-жылы – 36,26 млн $, 2017-жылы – 40,82 млн $, 2018-жылы – 39,9 млн $ алган.

Ошентип, өкмөт менен жарандык коомдун чыгымы 56 млн $ болсо, бизнес менен тейлөө тармагына – 39,4 млн $ кеткен. Мындан тышкары саламаттыкты сактоого 21,2 млн $, айыл чарбасына – 20,2 млн $, билим берүүгө – 19,2 млн $ жана “Администрация жана көзөмөл” деген бөлүмгө – 13,8 млн $ коротулган.

Мунун бардыгы кайтарылбай турган гранттык акчалар. Акыркы 10 жылда келип түшкөн 2 млрд 217,7 млн доллардан кандай пайда көргөнүбүз белгисиз…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: