19-декабрда Бишкектин М.Горький атындагы скверде экс-депутат Садыр Жапаровду колдогон митинг соңуна чыгып, келген жоон топ эл тарай баштады. Жактоочусу Шарапидин Токтосунов Жапаровду абактан чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгонун жарыялады. Анын айтымында, 2,5 айдан бери ырайым берүү кайрылуусу каралбай келет. Азыр кайрылуу Аламүдүн райадминистрациясынын көзөмөл кеңешинде жатыптыр.
Митингге келгендер бир гана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылбастан, чегара, коррупция, сот реформасы, электрге болгон баалар, айдоочуларга салынган айып пулдар жөнүндө маселе козгошту. Митинге К.Ташиев, К.Осмоналиев сыяктуу белгилүү саясатчылар да келип, сөз алышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ