Кыргызстанда врачтар менен мугалимдердин пенсиясы 4 миң сомго жетпейт. Бул тууралуу 19-декабрда депутат Е.Строкова парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мугалимдер менен доктурлар пенсияга чыккандан кийин тыйын санап, анысы жашоосуна жетпей жатканына уялганын жашырбады. Коллегасын депутат Иса Өмүркулов колдоду. Ал өкмөттү кошумча каражат таап, пенсияларын көтөрүү керектигин айтты.
Мурда айтылгандай, бүджеттик мекемелердеги эң аз айлык акы – 5 миң сомдун тегерегинде, ал эми минималдуу пенсия – 1 миң 173 сом. Пенсия берүү үчүн өкмөттүн резервинде дайыма 1,5 млрд сом болуп турушу керек. Ал эми Соцфонддо мындай каражат жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ