Menu

Кожобек Рыспаев “Ачык саясат” бере турган 300 000 сомду эмне кыларын айтты

Бөлүшүү:

Кожобек Рыспаев “Ачык саясат” гезити бере турган акчаны каяка жумшарын айтты.

Ал: “Мен деги эле массалык маалымат каражаттарынын ишине каршы эмесмин. Бирок аша чаап, одоно жазылган айрым ММКларды көзөмөлгө албаса болбойт деп ойлойм. “Ачык саясат плюс” гезетине сот тарабынан кечээ адилеттүү чечим чыкты деп айта алам. Сот аты аталган гезитке 300 000 сом айып салды. Бул акчаны мен өз чөнтөгүмө кымырып алайын деген ниетим жок. Каражат Афган ардагерлерине жана алардын фондуна которулат. Арзыбаган акча болсо да аларды колдоону чечтим” – деп социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, кечээ күнү өткөн “REакция 2.0” аттуу тынчтык митингинде “Ачык саясат” гезити “Кожобекке 1 сом” деген акция менен элден акча чогулткан. Маалым болгондой, гезиттин редакциясы учурда 4000 сом чогулта алган.

Эске салсак, кожобек Рыспаев басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылып, 300 000 сомдук доону өндүрүүнү талап кылган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: