Бүгүн, 19-декабрь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Аалы Карашев ЕАЭБге Кыргызстандын мүчөлүгү боюнча абдан көп сын-пикирлер болуп жатканын айтып, сындар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жаткандагыбыздан улам айтылып жатат деген ойду билдирди.
“Кыргызстандын кызыкчылыгынын ойдогудай коргой албай атабыз. Өкмөттө ЕАЭБде иштей турган вице-премьер-министрибиз укук коргоо тармагын тейлеген вице-премьер-министр. Ал укук коргоо тармагын тейлейби же экономикалык тармак менен иштейби?” – деп кызыкты эл өкүлү.
Депутат бизден эки эсе кичинекей болгон Арменияны мисалга алып, ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып экономикасындагы өнүгүүлөрүнүн көрсөткүчтөрүн тизмектеди.
Мындан сырткары, депутат өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүп, улуттук кызыкчылыкты коргош керектигин билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ