2016-жылы майда Кытайдын 89 жаранынан Кыргызстандын жасалма паспорттору табылган. Аларды Ыстамбулдагы Ататүрк эл аралык аэропортунан Сауд Арвавиясына ажылыкка баратышканда кармашкан.
Бул тууралуу 19-декабрда Мамкаттоонун жарандык абалынын актылары жана калкты каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Ал кармалгандардын үчөө кийин соттолуп кетишкенин айтты.
Мурда болсо тартип, кылмыш менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу ЖК комитетинин төрагасы Мирлан Жээнчороев аларга карата козголгон кылмыш иши 221-берененин 3-пунктуна ылайык, өздүгү аныкталбагандыктан, токтотулганын билдирген эле.
Ал эми Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкадыров Түркиянын аэропортунда кармалган Ахмадилло Рахманов, Хасамбай Рахманов, Камилахон Таирова, Махмуджан Юсупов аттууларды Кыргызстандын жарандары деп аты-жөндөрүн келтирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ