“Бизде бир гана кыргыз эли бар. Ошондо “титулдук нация” деген түшүнүк бар. Ушул жерге, ушул биздин республиканын атын берген кыргыз деген “титулдук нациябыз” бар да”, -деп билдирди бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Акылбек Жапаров.
“Мунун жарасын мындай кылып чечиш керек. Паспортто “улут” деген жерди кайра киргизели. Муну алып салышкан. Биз “Бир бол” фракциясы, мен жеке каршы чыккам. Тилекке каршы добуш менен жеңип койгонсуңар. Биздин паспортто “улут” деген жок болуп калды. Ушул “улут” дегенди паспортко киргизели. Анан ошондо ким кайсы улуттан болот, көрө жатарбыз”, – деди депутат Акылбек Жапаров.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ