Menu

“Өз кесибиме караганда, тейлөө тармагында болсо да Европаны тандамакмын…”

Бөлүшүү:

Акыркы 3 жыл ичинде студенттердин жайкы каникулда чет өлкөгө барып иштеп келүү агымы жаңы тенденцияга көтөрүлдү. Учурда өлкөдөгү ар бир үчүнчү студенттин жайкы каникулунда Түркияда же Германияда иштөө планында жок эмес. Айрымдары Европа үчүн  окуусун таштап салуудан да баш тартышпайт. Мунун себеби эмнеде? Кыргызстанда престиждүү кесипке караганда, Европадагы тейлөө, кара жумуш артыкпы?

Адина Полотова 19 жашта. Ал 2019-жылы, жайкы каникулда Кыргыз- Түрк “Манас” Университетинин(КТМУ) туризм бөлүмүнүн 1-курсун аяктаган соң, Германияга барып иштеп келген. Кызыгы, Адина учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин(ЖАМУ), экономика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти. Бул жагдай тууралуу:

     -Программа жөнүндө 2018-жылы уккам. Германияга барып келген соң Кыргызстанда келечегимди көрбөй калдым. Ошол себептен факультетимди котордум. Себеби мен азыр кетүүгө даярданып жаткан программа экономика бөлүмүндө сырттан окуган студенттер үчүн, ал эми КТМУда сырттан окуу бөлүмү жок. Көп кыйынчылыктар болду. Алгач Кыргызстан Эл аралык Университетине(КЭАУ,МУК) тапшыргам. Бирок бул окуу жайдын документтери программанын системасына кирген жок. Кайра ЖАМУга которууга туура келди. Албетте мунун баары экономикалык муктаждыкка байланыштуу. Ата-энем менен кеңештим, алар колдоду. Буйруса 1 жылга барып келген соң, сырттан окуумду бүтүп, кайра Германияга окууга тапшырайын деген оюм бар,- деди Европага кетүүгө камынып жаткан Адина.

Бул агым Түркиянын мейманканаларында иштөөдөн башталып, Германияга болгон сапар менен уланып жатат. Айданек Орунбекова КТМУга тапшырганына 5 жыл болсо да, 3-курстун студенти. Себеби ал окуусун бир жылга токтоткон.

     -2016-жылы даярдоо курсун аяктаган соң, каникулда Түркияга кеттим. Ата-энеме акча каражаты жагынан жардам берүүм керек эле. Бирок, 3 айда ойдогудай акча таба алган жокмун. 1 жылга иштеп калууну чечтим. Университеттеги окуумду бир жылга токтотуп, визамдын мөөнөтүн узарттым.Келип окуумду уланттым, азыр 3-курстун студентимин. Университетке тапшыргандан бери жыл сайын чет өлкөгө чыгып иштеп келем. 2 жыл Түркияда, 1 жыл Германияда иштедим. Бул жылы дагы Германияга кетүүнү пландап жатам.Албетте ал жакта маяна жогору жана жер кыдыруу көрүү мүмкүнчүлүгү да бар. Мен Кыргызстанда өз кесибимде психолог болуп иштегенге караганда, тейлөө тармагында болсо да, Европаны тандамакмын.

     “Жыл сайын Европада иштегиси келген жаштар көбөйүүдө”,- деген “IWEX.KG- Германиядагы жайкы жумуш” программасынын кызматкери Адилет Таалайбеков:

     -Азыр жаштардын көпчүлүгү Германияга иштеп келүү үчүн курстарга жазылып, немис тилин үйрөнүп жатышат. Учурда жайкы каникулга эле эмес, 7 айлык практикага кеткен студенттер дагы арбын. Албетте акча табууну, Европаны көрүүнү максат кылышат. Биздин программа студенттер үчүн гана болгондуктан, университетте окубаган жаштар дагы чалып кызыгып сурашат,- деп билдирди.

Жогоруда айтылган практика менен Германияда иштеп келген КЭАУнун, бизнес жана башкаруу бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алмаш Сайтбурханова:

7 айлык практикага университет ректорунан уруксат кагазын алып, Германияга барып келдим.2019-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин иштедим. Жазгы семестрдеги сабактарымды келип бүтүрүп, окуумду үзгүлтүккө учураткан жокмун. Европанын Париж, Милан өңдүү көп шаарларын кыдырдым. Кичинекей кезимдеги кыялым орундалып, апама жеңил автоунаа белек кылдым-деп билдирди.

Учурда Европада иштейм деген жаштарды ата-энелер да колдоп келет. Анткени балдарынын коопсуздугуна ишенишет жана жакшы акча таап келээрин билишет. “Азыр балдарыбызды Кыргызстандагы жумуш акы канааттандырбайт” деген Караназарова Бактыгүл айымдын уулу жана кызы чет өлкөдө иштеп келген.

-Балам, кызым экөө тең өздөрүнүн бир жылдык керектелүүчү акчаларын Түркияга, же Германияга барып иштеп келүүнү адатка айландырып алышкан. Кызым ар жайкы каникулунда Оруссияда, Түркияда, Германияда болду. Бул жылы дагы Германияга кетүүнү пландап жатат. Азыр эң жакшы жумуш акы Европада экен. Балам окуусун бүткөн, Америкага кетүү максаты бар. Албетте санаабыз тынч болуп, балдардын жаныбызда болгону жакшы. Бирок, алар муктаж болгон акчаны Кыргызстандан таап берүү кыйын. Анын үстүнө чет өлкөдө иштеп, мыкты тажрыйба топтоп келишет. Балдарымдын башка мамлекетте жашоосуна мен каршылык көрсөтпөйм, тескерисинче колдойм,  ”- дейт.

    Чет мамлекетте иштеп келген соң, Кыргызстанда калып, жашап-иштөөнү  тандагандар дагы бар. “Жайында Бишкекте калгандан коркком, ‘эмне кылам?’-деп өзүмө суроо бергем,”-деген Алтынбек Айбек уулу:

Бул жылы дагы чет жакка кетүүгө кам көрүп, бирок кайра ойлондум. Ушинтип жыл сайын эле миграциялай берсем убактым өтүп кетчүдөй, мейманканада конок тейлеп 8 саат иштейсиң, акчаңды аласың андан башка эч нерсе кылбайсың. Ал эми Бишкекте калып бир нерсе жасасаң тааныш табасың, тажрыйба топтойсуң. Ошондуктан бул жерге калып бир иш баштайын деген чечимге келгем. Азыр “Chukoland” деген бренд түзүп чүкө сатып жатам. 1- курсту бүткөндө көп жерлерде иштеп, жетекчилерим маянамды толук бербеген учурлар кездешкен, мага окшоп “Сүткө оозун күйгүзүп, айранды үйлөп” калган студенттер жүздөп- миңдеп саналат. Анан алар жайкысын Кыргызстанда жумуш дегенде жаа бою качып чет өлкөгө агылат. Түркияга эки жолу барып иштеп келгем. Жыл сайын эле миграциялай берсем убактым өтүп кетчүдөй, мейманканада конок тейлеп 8 саат иштейсиң, акчаңды аласың андан башка эч нерсе кылбайсың. Ал эми Бишкекте калып бир нерсе жасасаң тааныш табасың, тажрыйба топтойсуң. Чет жерде отелди,башка мамлекетти байыткандан көрө өз жеримде бирөөгө иштесем өзүбүздүн экономикага салык түшүп, пайдам тиймек да..- деген Алтынбектин Европадан билим алуу максаты бар.

Жаштардын сыртка чыгып иштеп келүүсү жеке өзүнө жана өлкөгө да таасирин берет”,- деген социолог Жакшылык Айтбаев:

-Азыркы жаштар жумуш издеп Оруссияга эмес, Америкага, Жапонияга, Германияга аракет кылып, тил үйрөнүшүүдө. Демек, биздин жаш мигранттарда жаңы агым пайда болду. Алар акча эле эмес, жер кыдырып, саякаттоону да максат кылып жатышат. Европада Оруссияга салыштырмалуу мыкты иш-чөйрөдө жумуш берилип, жакшы айлык акы төлөнөт. Өлкөбүздө чет жерден иш издегендер Европадан, Кореядан да иш тапса болооруна ишенип башташты. Бирок, айрым жаштар ‘коопсуз, ыңгайлуу жашоо’- деп дипломун колго алаарына бир жыл калганда окуусун таштап кетип да жатышат. Мурун кыргыз коомунда ‘диплом алуу керек’- деген принцип болсо, азыр чет өлкөгө кетип, ал жакта жашап калууну көздөшөт.- дейт.

Жайкы аптапта, Түркия мамлекетинин туристтик шаарларындагы мейманканаларда 2700гө жакын кыргыз жаштары  официант, бармен, ашпозчу жардамчысы, бөлмө жыйноочу, тазалык кызматкери болуп иштеген.  Ал эми Европадагы жаштар товар чыгарган заводдордон баштап, гүл бакчаларда, клубника талааларында, эс алуучу парктарда, мейманкана-кафелерде, магазиндерде жардамчы болуп иштешет.     2019-жылдын эсебинен 1500дөй студент Германияда иштегени айтылып келет.

Токтокан Кушубек кызы,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: