Menu

Бишкекте интернет-магазин аркылуу баңгизат саткан 35 жаштагы адам кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте баңгизатты интернет-магазин аркылуу сатып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Баңгизатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт Жазык кодексиндеги 267-берене (баңгизатты, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо жана сатуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Териштирүү иштеринин жыйынтыгында Бишкек шаарынын 1984-жылы туулган А.И. жараны кармалган. Компьютердик техника: ноутбук, Wi-Fi роутер, флеш-карта, диск, уюлдук телефон, сим картаны жандандыруу үчүн атайн аппарат, ошондой эле баңгизат: марихуана, шприцтеги гашиш майы, сары түстөгү  тетрагидроканнабинол (ТГК) кошулган муз ж.б. ар түрдүү , Кыргызстандын жана Россиянын банктык карточкалары, баңгизатты таңгактоо үчүн фиксатору менен баштыкчалар алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Булак: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: