Menu

ИИМ Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин кылмыш иши тууралуу кеңири түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын тургуну Виктор Гавришев «Вечерний Бишкек» www.vb.kg интернет сайты аркылуу КРнын Президенти жана Башкы прокуроруна 2013-жылы Бишкек ШИИББнын тергөөчүсү У.Баялиев, Россиянын жараны С.Богданова жана  Ш. Айтматованын  жолдошу  С.Кенжебаев менен биргеликте, мыйзамсыз  кылмыш ишин козгошкон деп кайрылып ага карата чара көрүшүн талап кылган.

ИИМи жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет.

2013-жылдын 11-ноябрында КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан, Егор Гавришев аттуу  жаран менен тергөөдө аныкталбаган адамдар менен 2012-жылдын январь айынан 2013-жылдын февраль айына чейинки аралыкта Кыргызстанга
баасы 808 932 АКШ долларын түзгөн жалпысынан 810 даана спутник телефондорун, жалпысынан 20 245 909 сомдук бажы төлөмдөрүн  төлөбөстөн  алып келишкен.

Айтылган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси 2 -бөл. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-бер.2 бөл. (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү үчүн КРнын ИИМнин Тергөө кызматына кылмыш иши тапшырылган, анда 2013-жылдын 13-сентябрында Россиянын жараны С. Богданов Кыргызстандын ИИМнин Тергөө  кызматынаөлкө аймагына «Иридим», «Эксполлер», «Сателейт Кит», маркаларындагы 810 спутник телефондорун алып киргизишкендигин туурасында жүктүн документтери  көрсөткөн.

2013-жылдын 17-декабрында Егор Гавришевдин жүргөн жери аныкталбагандыктан ага карата  КРнын    КЖКнин
204-беренеси 1-бөл., 3-бөл.1,4,5 пунктары жана 210-берененин 1-бөл.2-бөл.1,2 пунктары жана 3-бөл. менен айыбы сырттан угузулган жана кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Е.Гавришев «Манас» аэропортунан кармалган жана 20-февралында  ага КРнын КЖКнин 223-беренесинин 2-бөл.1,4 пунктарында көрсөтүлгөн кылмыш боюнча шектүү  катары билдирүү тапшырылган жана ошол эле күнү  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы үй камагы тандалып алынган.

Тергөө  амалдарын жүргүзүү учурунда шектүү Егор Гавришевдин атасы Виктор Гавришев «Вечерний Бишкек» www.vb.kg интернет сайты аркылуу Бишкек ШИИББнын тергөөчүсү У.Баялиев, Россиянын атуулу С.Богданова, жана Ш. Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев болушуп мыйзамсыз аракеттерди жасоо менен кылмыш ишин козгошкон деп,  арыз менен кайрылган.

Азыркы күндө тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү жана мыйзамдардын талаптарын сактоо менен чечим кабыл алуу учун кылмыш иши  КРнын ИИМнин Тергөө  кызматына өндүрүшкө алынып тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: