Menu

«Республика» партиясынын жетекчилигин Бабанов жээнине өткөрүп берди 

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-декабрда «Республика» саясий партиясы кезексиз съездге чогулушту. Ага Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Мирлан Жээчороев, Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев, Марлен Маматалиев, Пархат Тулендыбаев катышты.

Съездде Өмүрбек Бабанов сүйлөп, ал буга чейин айтып келген сөзүн дагы бир жолу кайталады, Ал саясий карьерасын жыйынтыктаганын жана партиянын лидерине талапкерлердин ичинен Мирлан Жээнчороев (бул депутат Бабановдун жээни экени айтылып эле келет – авт.) татыктуу экенин айтты. Ал партиянын добушу менен чечилип, Мирлан Жээнчороев партиянын төрагасы болуп дайындалды.

Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин курамынан 17 адам кыскартылды. Бул тууралуу ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим бүгүнкү съездде кабыл алынган. Буга чейин саясий кеңеш 28 адамдан турган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: