Menu

Автоунааларды бажылык тариздөөдөн өткөрүү жайлары жаңы жылга чейин тынымсыз иштейт

Бөлүшүү:

Автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдөн өткөрүү жайларынын жумуш убактылары узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрь күнү жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан башка өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктарын эскертет.

“Ушуга байланыштуу автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо үчүн, Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк-Чыгыш” бажысынын жана “Түндүк Темир-жол” бажысынын башчыларынын буйруктарына ылайык 2019-жылдын 20-декабрынан 31-декабрына чейин автотранспорт каражаттарын тариздөө жайларынын иш убакытылары дем алышсыз жана саат 24:00гө чейин узартылды” – дейт айтылат билдирүүдө.

Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот:

“Түндүк” Темир жол бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а.

Түндүк-Чыгыш бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, “РИОМ Авто” унаа  базары.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: