Бишкек шаарында Эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) чет өлкөлүк мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билирди.
Маалыматка ылайык, кечээ 19-декабрда УКМК тарабынан Бишкек шаарынан Кыргызстандын паспортун фиктивдүү колдонгон, жихадчы иш-чараларга катыштыгы бар жана КР чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн делип 1981-жылы туулган чет өлкөнүн Н.Х., аттуу жараны кармалган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган Н.Х. КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ