Menu

Нобель сыйлыгы – 2019: кимдерге ыйгарылды?

Бөлүшүү:

Нобель сыйлыгы (англ.Nobel Prize) — академикалык, маданий же илимий жетишкендиктер үчүн шведдик жана норвегиялык институттар тарабынан бир нече категориялар боюнча жыл сайын ыйгарылган эл аралык сыйлыктардын жыйындысы.

Сыйлыктар шведдик ойлоп табуучу Алфред Нобельдин керээзи менен 1895-жылы негизделген. Химия, адабият, тынчтык, физика жана физиология же медицина тармагындагы сыйлыктар биринчи жолу 1901-жылы ыйгарылган. 1980-жылга чейинки медалдар 23 карат алтындан чегилген, андан кийин 18 карат жашыл алтындан куюлуп, 24 карат алтын менен капталган. 1901-жылдан 2016-жылга чейин Нобель сыйлыктары жана экономика илимдери боюнча сыйлыктар 911 адам менен уюмдарга 579 жолу ыйгарылган. Айрымдары Нобель сыйлыгын бир нече жолу алып, жалпы 23 уюмду жана 881 инсанды түзгөн.

Сыйлык тапшыруу аземдери жыл сайын Швециянын Стокголбм жергесинде болуп өтөт (Норвегиянын Осло жергесиндеги тынчтык сыйлыгын эске албаганда). Ар бир сыйлык ээси же лауреат бир алтын медаль, диплом жана Нобель фонду тарабынан белгиленген бир суммадагы акчаны алат. (2017-жылга карата, ар бир сыйлык SЕК 8,000,000 же 920,000 АКШ долларына, €823.000, £716.000 же СNҮ6.630.000 барабар болгон). Нобель сыйлыгы адабият, медицина, физика, химия, тынчтык жана ошондой эле экономика илимдер тармактарында жеткиликтүү болгон эң абройлуу сыйлык деп саналат.

Швед падышалык илимдер академиясы физика, химия тармактарында Нобель сыйлыгын, экономика илимдери боюнча Sveriges Riksbank сыйлыгын ыйгарат; Каролинска институтундагы Нобель ассамблеясы физиология же медицина тармагындагы сыйлыкты тапшырат;

Швеция академиясы адабият тармагындагы Нобель сыйлыгын берет; Нобель Тынчтык сыйлыгы Швеция уюму тарабынан эмес, Норвегия Нобель комитети тарабынан ыйгарылат.

2019-жылдын 7-октябрында Стокгольмдо Швециянын академиясынын Нобель сыйлыгын ыйгаруу жумасы болуп өткөн. Салт боюнча адегенде физиология жана медицина тармагындагы жеңүүчүлөр аныкталат.

Бул ирет академия быйылкы жылдын биринчи лауреаттары катары медицинадагы үч окумуштуунун – америкалыктар Уильям Келлинг менен Грегг Семенсанын, ошондой эле британиялык Сэр Петер Ратклиффтин эмгегин жогору баалады. Алар клеткалардын кычкылтектин тартыштыгына кантип ыңгайлашарын изилдеп чыгышкан.

Онколог Келлинг – Жон Хопкинс университетинде, Семенса – Гарвардда, ал эми Ратклифф – Оксфорддо эмгектенет. Алардын ачылыштары онкологиялык ооруларды дарылоо ыкмаларын жакшыртыш үчүн пайдаланылат. Баасы бир миллион долларга жакын акчалай сыйлыкты үч окумуштуу теңме-тең бөлүп алышмакчы.

Физика боюнча Нобель сыйлыгы быйыл астрономиядагы илимий ачылыштары үчүн үч окумуштууга – Жеймс Пиблз, Мишел Майор жана Дидие Келозго ыйгарылды. Алардын эмгектерин Швециянын падышалык академиясы астрономия үчүн “революциялык” ачылыш деп атады.

Нобель сыйлыгынын физика боюнча 2019-жылкы лауреаттарынын ысымын, салтка айлангандай эле, комитеттин баш катчысы Горан Хансон жарыялап:

– Швециянын падышалык академиясы физика боюнча 2019-жылкы Нобель сыйлыгы физикалык космологиядагы теоретикалык ачылыштары үчүн Жеймс Пиблзге жана Күнгө түспөлдөш жылдыздын айланасында тегеренген экзопланетаны ачканы үчүн Мишел Майор менен Дидие Келого ыйгарылат,- деп билдирди.

Жеймс Пиблз 15 миллиард жыл мурда Аалам кантип жаралганын, Чоң жарылуудан кийин биринчи галактикалар кантип пайда болгонун түшүндүрүп бере алган. Ал буга 20 жыл убактысын сарптаган. Стокгольмдогу маалымат жыйынында Пиблз бул ачылыштарда көптөгөн окумуштуулардын зор салымы бар экенин белгиледи.

Ал эми швейцариялык астрофизиктер Мишел Майор менен Дидие Келоз 1995-жылы “51 Пеrаса b” экзопланетасын ачышкан. Андан бери төрт миңден ашуун экзопланета аныкталды.

Экзоплантелар жана “кара тешиктер” темалары бул сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн арасынан эң татыктуусу болорун эксперттер боолголоп жатышкан.

“Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаттары ааламды биз элестеткенден да таң калыштуу сүрөттөй алышкан”,-деп билдирди Физика боюнча Нобель комитетинин мүчөсү Ульф Даниэльссон.

Сыйлыктын лауреаттарына 900 миң евро берилет. Мунун жарымы Принстон университетинин профессору, канадалык жана америкалык окумуштуу Жеймс Пиблзге берилсе, калган жарымын Мишел Майор менен Дидие Келоз бөлүп алат.

Химия боюнча Нобель сыйлыгы литий-ион аккумуляторлорун (батареяларды) иштеп чыккан окумуштууларга – америкалык Жон Гуденафка, Стэнли Уиттингемге жана жапониялык Акира Йошиного берилди. Нобель комитети белгилегендей, алардын ачылышы жеңил батареяларды жасоого жол ачты. Аларды азыр чөнтөк телефондор менен катар электромобилдерде колдонушат.

Экономика тармагындагы Альфред Нобель атындагы сыйлык дүйнөдөгү жакырчылыкка каршы күрөшкө салым кошкону үчүн америкалык окумуштуулар Абхиджит Банержиге, Майкл Кремерге жана Франция менен АКШнын жарандыгын алып жүргөн экономист Эстер Дюфлого ыйгарылды.

Сыйлыкты тапшырган Швециянын Падышалык академиясы билдиргендей, үч окумуштуу жүргүзгөн сыноолор дүйнөдөгү жакырчылыкка каршы күрөштүн эң мыкты жолдорун аныктоого жардам берген.

– Дүйнөлүк жакырчылыктын деңгээлин азайтуу – фундаменталдуу жана чечилиши өтө кыйын көйгөй. Сыйлыктын быйылкы лауреаттары бул чоң көйгөйдү майда маселелерге бөлүп чыгыш керек экенин көрсөтө алышты” – деп билдирди Нобелдин экономика боюнча комитеттин мүчөсү Питер Фредриксон.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы жана былтыркы лауреаттарынын ысымдары да белгилүү болду. 2018-жылкы сыйлык польшалык жазуучу, акын Ольга Токарчукка ыйгарылса, 2019-жылкы сыйлыкты австриялык жазуучу, драматург Петер Хандке алды.

Швециянын Падышалык академиясынын туруктуу катчысы Матс Мальм аталган сыйлыкка Ольга Токарчук «энциклопедиялык ышкы менен чек арадан өтүүнү жашоонун формасы катары элестеткен айтуучунун ой чабыты үчүн» татыганын айтса, Питер Хандкеге сыйлык «лингвистикалык ойлоп табуу менен адамзаттын өзгөчөлүгүн иликтей алган таасирдүү эмгеги үчүн» берилгенин билдирди.

Ольга Токарчук Нобель сыйлыгын жеңген бешинчи польшалык жазуучу болуп калды. Ал Польшага жер которуп келген украиналыктардын үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Варшава университетинин психологиялык факультетин аяктаган. Учурда ал Вроцлав шаарында жашайт.

76 жаштагы австриялык жазуучу Петер Хандке романдар менен пьесалардан сырткары киносценарийлерди жазганы менен белгилүү. Ага чейин Хандкенин бир гана жердеши жазуучу Элфрида Елинек бул сыйлыкка татыган.

Былтыр Швециянын Падышалык академиясынын мүчөлөрү жыныстык ыдык көрсөтүү жөнүндө чууга байланыштуу кызматтан кетишкенинен улам адабият боюнча Нобель сыйлыгы берилбей калган болчу. Ызы-чуудан улам жеңүүчүнү аныктоо комиссиясынын бир нече мүчөсү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Букмекерлердин «Адабият боюнча Нобелди алат» деген болжолдуу тизмесинде Токарчук да, Хандке да жок болчу. Алар канадалык Энн Карсонду, орусиялык Людмила Улицкаяны, франциялык Мариз Кондени жана кытайлык Жан Сюэни жана жапониялык Харуки Муракамини атап жатышкан.

Ал эми Нобель Тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Сыйлыктын быйылкы лауреатын Ослодогу Нобель институту жарыялады.

Абий Ахмед бул сыйлыкка коңшу Эритрея менен 20 жылдан берки куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды. 1998-2000-жылдары Эфиопия менен Эритреянын ортосунда чек ара маселесинен улам куралдуу чатак чыккан. Андан бери эки өлкө ортосундагы чыңалуу сакталып келген.

42 жаштагы Ахмед 2018-жылдын апрель айында бийликке келгенден кийин саясий туткундарды бошотуп, Эритреянын лидери Афеверки Исайяс менен чек ара чатактарын жөнгө салууну көздөгөн тынчтык келишимине жетишкен.

Ошондой эле дүйнө коомчулугу Эфиопиянын премьер-министрин аялдардын укугун алга сүрөгөнү үчүн кубаттап келет. Ахмед өз өкмөтүндөгү 20 министрлик орундун жарымына аял адистерди алып келген.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: