Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 1987-жылы туулган жаранды коркутуп, анын зер буюмдарын, акчасын алып кетип, ага шектелип кармалып, ден соолугуна байланыштуу ооруканада дарыланып жаткан жеринен качып кеткен Калдыбаев Бишкек шаарынан кармалган.
Эске сала кетсек, 17-декабрда Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүү качып кеткенин Ош ШИИБ билдирип, издөө жарыялаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ