Menu

Динара Ошурахунованы коркутуу боюнча иликтөө иши башталды     

Бөлүшүү:

Укук коргоочу Динара Ошурахунованы коркутуу боюнча иликтөө иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Динара Ошурахунова коркутуу боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган. Ал факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иши башталган.

Эске сала кетсек, 18-декабрда Динара Ошурахунова белгисиз адам ага телефон чалып, коркутканын билдирген. Ушул эле күнү адвокат Нурбек Токтакунов да аны коркутуу, эскертүү болгонун айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: