Иллюстрациялык сүрөт
11 жаштагы окуучуну автобустан түшүрбөй койгон №7 автобустун айдоочусу кызматынан айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, мэрияга Бишкек шаарынын тургуну Я.Тергучовадан арыз келип түшкөн. Анын арызында, 11 жаштагы баласы жол киресин жоготуп алып, айдоочуга акча төлөй албай калган. Окуучунун абалын түшүнбөгөн №7 автобустун айдоочусу үйүнө келип калган аялдамадан түшүрбөй, Пригородное айылынан түшүргөн. Бейкүнөө бала жөө-жалаң үйүнө аябай кеч жеткен.
Окуянын чоо-жайын тактоо иретинде арыз ээси менен анын баласы мэрияга чакыртылган. Алардын айтымы менен № 7 автобустун айдоочусу Т.Сатыбалдиев экени аныкталган. Автобуста орнотулган камераны карашса, айдоочу балага орой мамиле жасаганын көрүшкөн. Ошондон улам ал жумушунан айдалды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ