Menu

Бүгүн Айыл чарба министрлиги Ысык-Көлдүн сүт өндүрүүчү фермерлерине көлөмү 40 литр болгон 3000 даана фляга, 12 танкер (3 тонналык) белекке берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорундагы сүт өндүрүүчү фермерлерге көлөмү 40 литр болгон 3000 даана фляга жана сүттүн сапатын аныктай турган 130 даана шайман, 12 даана танкер (3 тонналык) берилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган буюмдар сүт өндүрүүчү фермерлерге министрликтин алдындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан Бүткүл дүйнөлүк банктын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору аркылуу берилген.

Иш-чарага Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары А.Исаев, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Т.Беков, Ысык-Көл облусунун бийлик өкүлдөрү, фермерлер катышты.

Долбоор 3 компоненттен турат. 1-компоненттин алкагында Ысык-Көл облусунда сапаттуу сүттүн кошумчаланган нарктын чынжырынын картасын түзүү жана талдоо боюнча иш жүзөгө ашырылды. Тендер аркылуу көлөмү 40 литр болгон 3000 фляга жана сүттүн сапатын аныктай турган 130 шайман сатылып алынды. Бул шаймандар Ысык-Көлдөгү сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын сүт сатуучуларына өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары тендердин алкагында 12 даана танкер (3 тонналык) сатылып алынды. Алар Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорундагы сүт өндүрүүчү 12 жамаатка өткөрүлүп берилди.

Сапаттуу сүттүн кошумчаланган нарктын чынжырынын санариптик платформа системасы сүт ишканаларында пилоттук режимде киргизилди. Ошондой эле, Каракол жана Балыкчы шаарларындагы лабораторияларды жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн тендер өткөрүлдү. 5000 уйга жасалма уруктандыруу кызматтарын жүргүзүүгө да тендер өткөрүлдү.

Долбоордун 2-компонентинин алкагында 6000 фермер-бенефициарларына тренинг өткөрүү күтүлүүдө. Жалпысынан бул жылы 120 тренинг топтор түзүлгөн. Бардыгы болуп 3000 фермер окутулду. Долбоордун алкагында окутуу иш-чараларын өткөрүү үчүн 120 көрсөтмө чарбасы түзүлдү. Көрсөтмө чарбаларын түзүү максатында тендер аркылуу курулуш материалдары сатылып алынды. Бардык материалдар жана жабдуулар көрсөтмө чарбалардын жетекчилерине тапшырылды.

3-компоненттин алкагында 2000 фермер-бенефициарлар пайызсыз насыя алып жатышат.

Буга чейин жогорудагы окууну ийгиликтүү аяктаган фермерлерге күбөлүктөрдү жана 10 литр флягаларды тапшырууга максатталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: