Санкт-Петербургдагы (Россия) ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган документтер:
1.Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын багыттары жөнүндө;
2.Евразия экономикалык комиссиясы Коллегиясынын төрагасы жана жеке курамы жөнүндө;
3.Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүүдөгү негизги ыкмалар жөнүндө;
4.Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө;
5.Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча Макулдашууга кол коюу жөнүндө;
6.Европа экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун иштөөсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди алып баруу жөнүндө;
7.Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кээ бир секторлор боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө;
8.Евразия экономикалык комиссиясынын иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
9.Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүүгө багытталган иш-чаралардын планы жөнүндө;
10.Евразия экономикалык биримдигинин төрагалыгы жөнүндө;
11.Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ