Хабаровск шаарындагы Кыргызстандын бир нече жараны Орусиядан депортацияланат. Бул тууралуу Хабароскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев кечээ, 20-декабрда билдирди.
Анын айтымында, депортацияланган кыргызстандык жарандар Орусияда каттоого турган эмес жана миграциялык режимди бузган. Ошондон улам, Орусиянын Хабаровск шаардык соту Кыргызстандын бир нече жаранын депортациялоо чечимин чыгарган. Алардын арасында ОМОНдордон жабыркаган мигранттар да бар.
Эске сала кетсек, 12-декабрда 73 мигрантты ОМОНдор (өзгөчө багыттагы мобилдик отряд) кармап, сабаган. Анын кесепетинен кыргызстандык эки жаран ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Орусиянын Ички иштер министрлиги кылмыш иш козгоп, кызматтык териштирүү иштерин баштаган. Ошондой эле консул Кадырбек Мырзабеков Федералдык кызматка, прокуратурага жана ИИМге ОМОНдорго укутук баа берүү боюнча нота жөнөткөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ