Menu

Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн алтын гана маанилүү

Бөлүшүү:

Армениянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын экономикасы биржа товарларына болгон баалар жана керектөөнүн натыйжасына көз каранды. Бул тууралуу 20-декабрда Евразиялык өнүктүрүү банкынын маалыматында айтылат.

Негизинен банк белгилегендей, Кыргызстандын экономика өсүшү үчүн алтын казып алуу өтө маанилүү. Баалуу металлды өндүрүү өлкөнүн эң ири тармагы, чет өлкө экспортунун 40 пайызын түзөт. КР статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кумтөрдү иштетүүдөн 2018-жылы Ички дүң продукцияда 8,6 пайызды түзгөн.

“Биржа товарларынын ролу Армения, Кыргызстан жана Тажикстанда сырткы экономикалык таасирге көз каранды, аны дал ушул баалуу металлдар сактап калат”, – деп банктын материалдарында айтылат.

Евразиялык өнүктүрүү банкы эл аралык каржы уюму катары эсептелип, Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын дана Орусиянын рыноктук экномикасына көмөк көрсөтүп келатканы келаткан. Банктын уставдык капиталы – 7 млрд доллар. Кыргызстанга кайтарымсыз эң көп грант берген да ушул банк. Бирок аны биз кандай пайдаланып жатабыз, ал башка кеп.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: