Menu

Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай?

Бөлүшүү:

Сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 83-орунду ээлегенин «Чек арасыз репортёрлор» эл аралык уюму билдирди. Алар жыл сайын сөз эркиндигинин деңгээли боюнча тыкыр анализ жүргүзүп, рейтингин жарыялап турат. Кыргызстан тууралуу эл аралык бейөкмөт уюм: «Жакшырууда, бирок мындан да жакшыра алат» деген баасын берди. Алардын маалыматына ылайык алдыңкы орундарды – Норвегия, Финляндия жана Швеция өңдүү европалык мамлекеттер ээледи. Казакстан рейтингде 158-орунду, Тажикстан 161-орунду, Өзбекстан 160-орунду, Россия 149-орунду жана Түркмөнстан 180-орунду ээлеген. Баса, Кыргызстан өткөн жылы бул рейтингде 98-орунду ээлеген эле, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 15 тепкичке көтөрүлүптүр. Бали дешибиз керек. Себеби, бул көз карандысыз эл аралык деңгээлдеги бейөкмөт уюмунун берген баасы. Жанагы «сөз эркиндиги кысымга учурап жатат» деген таризде уу-дуу кылгандар жөн эле ызы-чуу салууну көздөп жатышкан окшобойбу. Биз бул маселени кененирээк талдоо үчүн эксперттерге собол салып көрдүк.

Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт: “Кыргызстандагы сөз эркиндиги АКШдагыдан дагы жогору”

—Чет элдик иштер боюнча АКШнын палата комитетинин өкулдөрү Кыргызстандын өкмөтү журналисттерге болгон басымды токтотушу туурасындагы билдирүүсү – бул мамлекеттин сот бийлигине жасалган басым. Кыргызстанда «Азаттык» деп таанылган «Радио Свобода» медаихолдинги Палата өкүлдөрүнөн жана Сенаттан турган АКШнын Конгрессинин бюджетинен каржыланат. Мындай билдирүү алардын саясатын жүргүзүп жаткан адамдарды реабилитациялоого жасаган аракет болуп саналат. Эгерде кеп сөз эркиндиги тууралуу болуп жатса, анда Кыргызстандагы сөз эркиндиги ошол эле АКШдагыдан да жогору экенин эске алуу керек. Мисалга алсак, «Russia Тоdау» сыяктууга жарыяланган материалдар автоматтык түрдө аккредитациядан ажырайт. Көптөгөн кызматкерлерди жөн эле киргизбейт, виза бербейт. Мындай материалдар үчүн АКШнын жарандарына реалдуу жаза мөөнөтүн берет, өзгөчө репортаждарга. Себеби, ал жакта далилдөөчү база керек.

Мындай кырдаалда сөз эркиндиги басым жасоонун куралы болуп калат. Аларда таасир этүүнүн башка куралы жок, алар Кыргызстанда болуп жаткан кандайдыр бир көйгөйдү ойлоп чыгарышат. «Коррупция жогору, сөз эркиндиги жок, демократия жок» деп башташат. Мунун баары мажбурлоонун куралдары. Биздин мамлекетте сөз эркиндиги чектен чыгуучулук көрүнүшү менен бирдей деңгээлде. Биздин мамлекетте баары эле кимдир-бирөөнүн атына жашынып, бири-биринин дарегине кордоо, акарат келтирүү менен алектенип отурат жана ал үчүн эч ким жоопкерчилик тартпайт. Бул сөз эркиндиги эмес, бул чектен чыккандык. Сөз эркиндиги тууралуу айтсак, ооба, ал бизде бар. Медианын плюрализми да бар. Өз пикирин жана көз карашын билдирүү эркиндиги да жашайт.

Матраимовдор тууралуу эмне дейбиз, алар өздөрүнүн ар-намысы жана кадыр-баркы үчүн күрөшүп жатат жана ага укуктары бар. А эмнеге биз алардын мындай укугун бузушубуз керек? Бардык жаңжал ошондон келип чыккан. Бул жерде бийликтин кандай тиешеси бар? Бул деген сот системасына басым жасоо аракети. Бир тууган Матраимовдор ММКлардын счетун камактан чыгаруу үчүн арыз жазышты. Башкача айтканда, сот бийлиги мыйзам алкагында аракет кылышты. Счетторду камактан чыгаруу басым менен болду. Өтө таң калычтуу кырдаал. Себеби, счет камакка алынганда, ал ишмердүүлүгүнө тоскоолдук эмес. Ишмердүүлүгүн эч ким токтотпойт. Бул деген доо арыздагы сумманы камсыздоо. Ошон үчүн камакка алуу деген болот, акчалар чыгарылып кетпеш үчүн. Бул жерде жакшылап кароо зарыл. Эмоция менен кетпеш керек. Азыр рационалдуу ой-жүгүртүүнүн ордуна эмоционалдык ой-жүгүртүү келди. Мына ошол эмоция менен айрым саясатчылар, жарандык активисттер жана тилекке каршы журналисттер да басым жасап жатат. Эгерде биз чындыгында эле мамлекеттин имиджине кам көрсөк, анда бул тууралуу ойлонуш керек. Чалмакей чалып коюп, анан кайра анын жоопкерчилигинен качуу аракетин көрүп отура бербеш керек.

Кубанычбек Чекиров, саясий-аналитик: “Кыргызстандын сөз эркиндигине АКШ менен ЕККУнун өкүлү кыжаалат болбосун”

—Мен дипломат жана аналитик катары чечкиндүү түрдө айталам, демократияны жана сөз эркиндигин өнүктүрүү жаатында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан ат чабым алдыда. Биздин өлкө сөз эркиндиги боюнча биринчи катарда турары айкын. Бизде сын ар дайым айтылат, ММКлар эркин, баары ачык жазып, көрсөтө алат. Кайсы жерде кысым бар? Дүйнө бизди «демократия аралчасы» деп тааныганы бекеринен эмес. Азыркы маалда, сен жөнөкөй жарансыңбы, мамлекеттик кызматкерсиңби, депутатсыңбы, мурунку же азыркы президентсиңби, бирдей сындалып жатат. Сынга баары кабылууда, ММКлар баарын эркин жазып жатат, бул сөз эркиндиги эмеспи? Кошуна өлкөлөрдө Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги жана демократия жок. Оюн эркин билдирүү, ачык сын айтуу боюнча Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрү бизде мисал кылат. Биздин элибиздин менталитети ошондой, эркин оюн билдиргенди, сүйлөгөндү эч качан тыйбайт. Демократия биздин жүрөгүбүздө. Кыргыздар өздөрүн чектеген эмес, кылымдар бою эркин жашап көнгөн. Мен ТИМдин жообун туура жана өз маалында жасалды деп эсептейм. ЕККУнун билдирүүсү соттук системага жасалган басым катары көрсөткөнү да эң туура. ЕККУ билдирүүнү шашылыш жасады деп эсептейм. Анткени, Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында европалык өлкөлөр менен атаандаша алат. Кыргызстанды демократиянын принциптерин сактаган жана баалаган өлкөнүн коңгуроосу катары карасак болот.

Эдил Осмонбетов, саясат таануучу: “Биз демократия жана адам укуктарынын өнүгүшү жаатында башка өлкөлөргө дем беребиз”

-Эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин баасы боюнча Кыргызстан 90-жылдары ээ болгон өзүнүн демократия аралчасы статусун сактап келатат. Бул багытта Кыргызстан — демократиялык мүмкүнчүлүктөрү чоң, Борбордук Азиянын башка мамлекеттерине бере ала турган көлөмдүү саясий маңызы жана тажрыйбасы бар мамлекет. Кошумчалай кете турган нерсе, башка өлкөлөрдөн келген эксперттер дайыма биздеги эркиндиктин духунан кумардана дем алса боло турганын айтып тамшанышат. Муну реалдуу түрдө сезсе болот. Ошону менен бирге Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолун тандаган, 29 жылдык көз карандысыздыгында иштелип чыккан жолу бар. Кыргызстан Борбордук Азия жана алтургай Кавказ мамлекеттеринен аябай айырмаланат. Кыргызстанда дагы бир «фишка» бар – биз башка мамлекеттерге демократия, адам укуктарынын өнүгүшү жаатында экинчи дем беребиз, алар демократиялык өнүгүү маселесинде бизден үйрөнүшөт.

Депутатар АКШнын өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн сындап чыгышты

Бул жаатта Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, менимче, келтирилип жаткан мисалдар чындыкка коошпойт. Биз – суверендүү мамлекетпиз, бизде соттук система бар, иштер жүрүп жатат, каалаган жаран сотко кайрыла алат, өз укугун бардык укуктук түзүмдө коргогонго шарт бар, кайсы жерде укуктун адилеттүүлүгү жогору болгон жерде бийликтин жогорку органдары эмес, чечимди соттор кабыл алып жатат. Каалаган жаран өз позициясын далилдөөгө мүмкүнчүлүгү бар жана ал укукту эч ким алып кое албайт. Тигил туура эмес, бул туура деп эсептеген үчүн эле баа бериш туура эмес. Суверендүү мамлекет катары биз өз жолубузду тандаганоыз жана ошол багытта өнүгүшүбүз керек.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов жана аталган комитеттин мүчөлөрү Үмбөталы Кыдыралиев, Бектен Сыдыгалиев АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин акыркы билдирүүсүн сынга алышты. Депутаттар Эл аралык иштер боюнча комитеттин 17-декабрдагы жыйынында Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги корголуп жатканын айтып, АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашты. Айтсак, Үмбөталы Кыдыралиев: «Мен АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнүн билдирүүсүн окуп таң калдым. Кыргызстан сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды сактоо боюнча аймакта эң жогорку деңгээлде» деди. Буга чейин, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети жана Кыргызстандын сот бийлигине басым кылуу катары баалап жооп кайтарган.

Эске салсак, 13-декабрда АКШнын Өкүлдөр палатасы «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу камтамачылык билдирип: «Эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо – бул негизги эркиндикке чабуул болуп саналат»,- деген пикирин айтышкан.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: