Menu

Жактоочулар С.Слесарев менен З.Жоошев Аскер прокуратурасына Атамбаевдин “күлгүн” пакети үчүн чакырылууда

Бөлүшүү:

21-декабрда КРнын башкы прокуратурасы экс-президент Атамбаевдин жактоочулары С.Слесарев менен З.Жоошев эмнеге суракка чакырылып жатканы боюнча расмий жооп кайтарды.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча ИИМдин орун басары К.Асановдун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп келет.

Тергөө учурунда 2019-жылдын 8-августунда Курсан Асанов А.Атамбаев менен сүйлөшүп алып, тергөөчүлөргө маанилүү документтер жана баалуу буюмдарды алып коюуга жол бербей, А.Атамбаевдин жансакчысы К.Сагынбаев мурдагы өлкө башчысыныны жүзүн ачкан өтө маанилүү документтерди камтыган документтер салынган пакетти колдон колго өткөрүп, дагы бир жансакчысы Д.Пайзилда уулуна берип, ал жубайы Р.Атамбаевага бергени аныкталган.

Кийин пакеттеги керектүү документтер алынып, калганы жактоочулары С.Слесарев менен З.Жоошевге берилген. Өз кезегинде З.Жоошев тергөө менен коомчулукту адаштырып, өзүнүн соцтармактагы баракчасына пакеттин сүрөтүн жайгаштырып, эч кандай маанилүү документтер менен баалуу буюмдар жок болгонун жазып, пакеттин колдон колго өткөндүгү боюнча жалган маалыматтарды берген. Ал маалымат ММКларга тарап кеткен.

2019-жылдын 15-августунда Аскер прокуратурасынын сот чечими менен С.Слесаревге берилген документтерди алуу боюнча чечим чыккан. Анда жактоочунун мыйзамдык милдеттери көрсөтүлүп, С.Слесарев менен Ж.Жоошевдин кыймыл-аракеттери шек туудурганы аныкталган.

Ошого байланыштуу жактоочулар суракка чакырылып жатканы айтылып, алар коомчулукту туура эмес маалымат менен камсыз кылганы баса белгиленген. Аталган жактоочулар КР Конституциясынын 16-беренесинин 3- бөлүгүндө көрсөтүлгөн мыйзам бардыгы үчүн бирдей экенин унутуп калышкандай. Жактоочу макамына таянып алып, жалган маалымат таратууга жол берилбейт. Ошондуктан мыйзам чегинен чыккандары үчүн жооп берүүгө туура келет. Бул эч кандай басым жасоого да жатпайт. Мыйзамды түшүнгөрдөр мыйзам чегинде гана иш алып барууга тийиш.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: