Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарында бир нече социалдык объекттин абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында бир нече социалдык объектти кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде Өкмөт башчы Ош облусунун Араван районундагы Төбө-Коргон айылындагы ооруканага, Жалал-Абад № 1 поликлиникасына барды.

Премьер-министр бейтапканалардын медициналык жардам көрсөтүлүүчү бөлмөлөрүн жана имараттарын көрүп чыкты. Ал ошондой эле мекемелердин жамааттары менен маектешип, алар менен оорукана имараттарын капиталдык оңдоо планын талкуулап, өлкө Өкмөтү тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Базар-Коргон районундагы капиталдык оңдоп-түздөөнү талап кылган мектептердин абалы менен таанышты. Мында Өкмөт башчы мугалимдик жамаат менен пикир алышып, окуу класстарын көрүп чыкты.

Мугалимдер Премьер-министрге айлык акылары сезилерлик көбөйтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт өлкөнүн бардык булуң-бурчунда жаңы мектептердин имараттарын куруу жана билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоо менен катарлаш мугалимдерди колдоо чараларын күчөтүүнү мындан ары дагы улантат.

Өкмөт башчы социалдык объекттерди кыдыруунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаңы социалдык объекттердин имараттарынын планын, ошондой эле башка объекттерде оңдоо иштерин баштоо үчүн долбоордук-сметалык иш-кагаздарын даярдоо боюнча бир нече тапшырма берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: