Menu

Чак түштө 57 жаштагы кишини бычактап кеткен мыкаачыны милиция издеп баштады

Бөлүшүү:

Бишкектеги К.Ш. аттуу адамды бычактап өлтүргөн адам издөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, 21-декабрда, саат 15:30 чамасында Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда белгисиз адамдын сөөгү табылган. Милицияга маалымат саат 15:13тө келип түшкөн. Алар окуя болгон жерге барып, жансыз жаткан кишинин бир нече жери бычакталганын көрүп, өздүгүн аныктаган. Ал 57 жаштагы К.Ш. аттуу адам болуп чыккан. Бул факт каттоого алынып, 130-берене (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда милиция шектүүнү издөөдө…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: