Menu

Шайырбек Абдрахман, журналист: “Бишкекте “индус көбөйдү” деп наалыбай, тескерисинче медициналык окуу жайларды көбөйтүп ачып, аларды бизге тартыш керек”

Бөлүшүү:

Журналист Шайырбек Абдрахман жаңы пост жазып, биздин оюубузча жакшы ойду сунуштап жатат. Илим-билим тармагында биздин азыр кээ бир өлкөлөргө экспорттой ала турган “товарыбыз” ушул медициналык билим берүү гана болуп калды окшойт. “Билим экспорттоо” дейбизби же “билим туризми” дейбизби айтор азыр биздин билим берүү тармагында мына ушул медициналык окуу жайларынан билим алууга гана чет элден талап (спрос) болуп жатат. Муну пайдаланып калыш керек. Билим берүү министрлигинин көзөмөлү алдында Медициналык академияда, Ош мамлекеттик университетинде чет элдик студенттер үчүн орундардын квотасын кескин көбөйтүш зарыл. Чет элге экспорттоочу товарыбыз жок деп, алдыбызда турган валюта булагын көрө албайбыз.

Төмөндө журналист Шайыр Абдрахмандын постунун текстин сунуш кылабыз:

Бишкекте Индус көбөйдү дешип жобурап калган жолдошторду угуп калам. Анан баягы куру дүрмөттөр баштабаса экен бир күнү деп жүрөгүм сыгылат кээде. Эми бул Индия жөнүндө айтсак сөз узун. Маданияты, тарыхы терең байыркы журт экенин барыбыз жакшы билебиз. Калкынын саны 1 млрд. 350 млн.ду түзгөн улуу эл. Мына ошол чоң өлкөнүн жаштары Кыргызстанга атайы билим алсак деп, жыл сайын агылып келип жатышат. Бул жерде бир эле Индия эмес, Пакистандан да келишкен студенттер бар. Пакистандын калкынын саны деле 200 миллиондун ары жагын чапчыйт. Аларды биздин мединститут менен медучилищелер кызыктырууда. Болгондо да акчасын төлөп контракт менен окушууда.

Эми угуп тургула: 1,5 миллиард калкы бар, экономикасы дүркүрөп өсүп жаткан тетигил Индиядан, 207 миллион калкы бар Пакистандан Кыргызстанга окууга ушунча көп жаштар келип жатса бул сонун көрүнүш. Биз “индус көбөйдү” дебей аларга абдан жакшы мамиле кылышыбыз керек. Керек болсо, мамлекеттик деңгээлде өтө олуттуу көңүл буруп, бул тармакты колго алышыбыз зарыл. Мисалы Кытай арзан жумушчулардын мекени. Аны билген дүйнөдөгү бүт соодагерлер өз ишканаларын Кытайга ачып салышкан. Кытай өкмөтү ага укмуш шарттарды да түзгөн. Ал эми “Кыргызстан КЫМБАТ ЭМЕС БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕКЕНИ болсок эмнеге болбойт?

Дагы бир мисал: мен Москвада дипакадемияда окудум. Контракт ошол жылы эле жылына 170 миң рубль болчу. Ал эми англис тилин үйрөнүү үчүн курска кирсең айына 10 миңден 20 миң рублге чейин төлөйсүң. Бизде болсо Улуттук университеттин бир жылдык контракты 50 миң сомго жетпейт. Англис тилди айына 3000 сом төлөп окусаң болот. Бул сонун да. Кыргызстанда билим алуу өтө арзан чындап келгенде. КЫРГЫЗСТАН КЫМБАТ ЭМЕС БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕКЕНИ!

Биз азыр кылчактабай мамлекеттик деңгээлде медициналык билим берүүчү окуу жайларды көбөйтүүбүз керек. Ал жерлердин шартын оңдоп, атайы студенттер үчүн шаарчаларды куруу өтө зарыл. Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн окууга келген жарандары үчүн жеңилдиктерди берели, аларды чакыралы бул жакка. Азыркыдан он эсе көп студент келсин. Айтмакчы, болгону биздин мугалимдер пара албасын! Дипломдор сатылбасын!
Дагы мисал айтайын: Адамдар ажыга барса, бир айга барышат. Араб мамлекети мындан толгон токой пайда көрөт чынында. Канча киши кирсе ошончо акча кирет эмеспи өлкөгө. А бизге болсо билим алсам деп алты жылга АЖЫГА келип жатпайбы бир студент. Бул деген мамлекет үчүн канча пайда..!
Чын эле КЫРГЫЗСТАН КЫМБАТ ЭМЕС БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЕКЕНИ болсо неге болбосун!?

Шайырбек Абдрахман, журналист

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: