Menu

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 22-декабрда, өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин күнү менен куттуктайм!

Сиздердин таалыкпас эмгегиңиздердин арты менен калктын жана экономиканын электр энергиясына болгон муктаждыгы гана камсыздалбастан,  башка өлкөлөргө да экспорттоо үчүн  өлкөнүн энергетикалык дарамети өсүүдө.

Учурда гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун жана колдонуу мөөнөтүн көбөйтүү боюнча активдүү жумуш жүрүп жатат.

Электр тармактарын реконструкциялоо улантылып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат.

Кыргызстанда электр энергиясынын альтернативдүү булактарын тез өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү.

Жаңы улуттук энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда.

Тармактын экспорттук дарамети жогорулап жатат.

Мунун баары жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, калктын бакубатчылыгын жогорулатууга негиз болуп саналат.

Биз сиздердин кыргызстандыктардын ар бир үй-бүлөсүндө, ар бир үйүндө жарык, жылуулук жана жагымдуу маанай болушуна багытталган ишиңизди жогору баалайбыз.

Энергетиканын ардагерлерине ыраазылык билдирем, алардын өз кесибине берилгендиги энергетиктердин жаш мууну үчүн үлгү болуп эсептелет.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: