Menu

Клара Сооронкулова Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссиянын корутундусу алмашылган деп Башкы прокуратурага арыз жаза турганын билдирди

Бөлүшүү:

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон окуяны иликтеген мамкомиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы соту Клара Сооронкулова 12-декабрда парламент жыйынында алар кол койгон корутунду окулбастан, башка варианты окулганы боюнча Башкы прокуратурага арыз жаза турганын бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Анын сөзүнө ылайык, кайрылууну Жогорку Кеңешке да жөнөтөт, депутаттар ички иликтөө жүргүзүшү кажет.

“Башкы көзөмөл органына арыз жазуумда кыйынчылыктар болуп жатат, анткени мамкомиссиянын мамлекеттик орган катары макамы жок. Бул прецедент”, – дейт Клара айым. Алар кол койгон корутунду ачыкка чыкпаганына нааразы.

Мамкомиссиянын дагы бир мүчөсү Артур Медетбеков да парламентте окулган корутунду башка экенин, алар кол койгон документтен айырмаланып турганын айтып чыккан.

Бирок мамкомиссиянын вице-премьер Жеңиш Разаков баштаган башка мүчөлөрү бул сөздөрдү четке кагышууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: