Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катуу шамал болгонун КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына ылайык, кара шамал 21-декабрда кечки саат тогуздарда башталган. Өзгөчө ал Көк-Таш, Биринчи Май айыл аймактарында билинген.
Натыйжада Жалгыз Өрүк айылында 25 үйдүн, Орто-Суу айылында 32 үйдүн, Чоң-Сай айылында 5 үйдүн, Ак-Башат айылында 18 үйдүн чатырын жулуп кеткен. Куткаруучулар ал аймакка барышып, келтирилген зыянды эсептешүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ