Сотторду тандоо кеңешиндеги эки бош турган орунга парламенттеги көпчүлүк коалиция сынак жарыялады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, талапкерди илимий мекемелер, коомдук бирикмелер жана жарандык коом сунуштаса болот, бирок, оозеки эмес, жазуу жүзүндө. Сунуштар 28-декабрга чейин кабыл алынат.
Сынактын талабы мындай: талапкер мурда соттолбогон, Кыргызстандын жараны жана кадыр-баркка ээ болушу керек жана кайсы бир партияда мүчө болбошу керек. Толук маалымат алам десеңиз, анда бул жерге кириңиз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ