Menu

Жалал-Абадда жаңы жылга карата милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

2020-жаңы жыл жакындаган сайын Жалал-Абад областынынын милиция кызматкерлери эл аралап, ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Таш-Көмүр ШИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери шаар аймагындагы 14 мектепте жана №111 кесиптик лицейинде жаштар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар жаңы жылга карата өспүрүмдөр арасында майрамдык кечелерди өткөрбөө, фейерверктерден пайда болгон ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу, түнкү убакытта балдарын зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо керектигин ата-энелерге эскертишти.

Ушундай эле иш-чаралар Базар-Коргон жана Ала-Бука РИИБдери тарабынан да уюштурулду. Милиция кызматкерлери жаштар арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, мектеп рекетчилиги жана топтошуп мушташууларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ата-энелерге эрте турмушка чыгуунун терс жактары тууралуу маалыматтар берилип, бул сыяктуу коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алууда милиция менен тыгыз байланышта болууга чакырышты. Жаңы жылга жакын ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулуп жаткан иш- чаралар окуучулар арасындагы спорттук мелдештер менен жыйынтыкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: