Айтылуу жазуучунуни кызы, “Үмүт-2020” кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматова өзүнүн Twitter баракчасына жолдошу Сыргак Кенжебаев Бишкектин СИЗО-1 абагына түшкөнүн, буга Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга чечим чыгарганын, ошонун натыйжасында жолдошун “сындырганы” жатышканын жазып чыккан.
Бирок Жаза аткаруу мамкызматы бардыгы видео көзөмөлдө экенин, С.Кенжебаев карантинде болуп жатканын, экономикалык кылмыштар боюнча шектелген киши рецидивисттерге (“караларга”) түшпөстүгүн билдирди.
Эскерте кетсек, Ширин Айтматованын жолдошу шылуундук менен шектелип, 20-декабрда Алматы шаарынын аэпортунан кармалган. Коомчулук муну Ширин айымдын саясый акциялары үчүн жасалганын айтышууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ