Menu

Милиция: “Аксы районунда 40 жаштагы эркек 5 жаштагы кызды зордуктады” деп жарыяланган маалымат калп

Бөлүшүү:

Аксы районунда 5 жаштагы кызды өпкүлөгөн 39 жаштагы адам кармалып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ООИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, 20-декабрда, 1986-жылы туулган Э.Ж. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Ал 19-декабрда түштө жолдошу менен базарга кеткенде бейтааныш адам алардын үйүнө кирип, беш жаштагы кызына сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасаганын билдирип, аны тезинен таап, ага чара көрүүнү суранган.

Бул факт каттоого алынып, милиция 1980-жылы туулган А.Ш.аттуу адамды кармашкан. Ал эки айга камакка алынып, биологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталган.

Эске сала кетсек, эки күндөн бери үйүндө үч жаштагы иниси менен калган беш жаштагы кыздын зордукталганын социалдык тармактагылар жазып, аны жоопко тартууну талап кылышкан. Бул тууралуу айрым сайттар да жазып чыккан. Бирок кыз зордукталган эмес.

Кармалган шектүү А.Ш.нын айтымында 5 жаштагы кыздын ата-энеси ага акча карыз болушкан. Ал акчасын доолап барганда үйдүн ээлери жок болуп, үйдө балдары гана болгон. Ал кызды жакшы көрүп өпкүлөгөнүн мойнуна алган. Ошондой эле ал учурда ал мас болгону такталган. Тергеп-иликтөө улантылууда.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: