Бул тууралуу 23-декабрда бүджет жана каржы боюнча ЖК комитетинде депутат Акылбек Жапаров (“Бир бол”) айтып чыкты.
Анын маалыматына ылайык, 10 млрд 193 млн долларга келишим түзүлүп, кредит – 7 млрд 320 млн долларды түзсө, гранттар – 2 млрд 873 млн долларды чапчыган.
Техникалык, гуманитардык жардамдар боюнча толук маалымат жокко эсе. Депутаттын айтымында, бул гранттар менен кредиттерди көзөмөлгө алган мамлекеттик орган дагы болгон эмес.
Азыр комитет 1993-жылдан 2018-жылга чейинки кредит жана грант боюнча алынган каражаттар кандай колдонулганы боюнча сересеп жүргүзүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ