Menu

БУУнун пленардык отурумунда Кыргызстан жана Италия сунуштаган резолюция кабыл алынды

Бөлүшүү:

Бейшемби, 19-декабрь күнү, БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык отурумунда Кыргызстан жана Италия тарабынан сунушталган “Тоо аймактарынын туруктуу өнүгүүсү” аттуу резолюция кабыл алынды. Резолюциянын авторлугуна ошондой эле 80 БУУга мүчө-өлкөлөр кошулду.

БУУнун Бакшы Ассамблеясындагы аталган резолюция кароо жүрүшүндө, Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева өз сөзүндө бул резолюция БУУнун мүчө мамлекеттеринин өзгөчөлүктүгүн жана муктаждыгын эске алып 2030-жылга мезгилге чейин туруктуу өнүктүрүү тармагындагы “эч кимди артта калтырбоо” принцибинин күн тартибинин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн чагылдырып турат.

Туруктуу өкүл М.Молдоисаева бул резолюцияда тоо аймагындагы калктын тиешелүү деңгээлде турмушуна мөӊгүлөрдүн ээрип кетүүсүн, биологиялык ар түрдүүлүкдүн кыскарышын жана айлана-чөйрөнү бузууну токтотуу маанилү экендигин  баса белгиледи, анткени тоолуу аймактардын калкынын экономикалык ишмердүүлүгү тоо экосистемасынан көз каранды.

Резолюцияда тоо аймактарынын өнүгүүсүнө багытталган БУУнун мүчө-мамлекеттиринин ар кандай демилгелери да көрсөтүлгөн, мисалы Кыргыз Республикасынын демилгелери – 2003-жылы эл аралык Тоо күнүн жарыялоо, 2002-жылы Тоо эл аралык жылы кабыл алуу, Нью-Йорк шаарында 2019-жылдын август айында “Тоо мамлекет достор группасын” уюштуруу, 2017-жылы Илбирсти жана анын экосистемасын сактоо Форумун өткөрүү, 2018-жылы үчүнчү Эл аралык көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана 2018-жылы Эл аралык тоо форумун өткөрүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: