Бишкекте эки маршрутка кагышып, алты киши жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиди.
Алардын айтымында, жол кырсыгы кечээ, 22-декабрда, саат 09:40та 7-Апрель көчөсүндө болгон. Кырсыктын кесепетинен алты адам жабыркаган. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ